Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Ошто ишкер уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен кармалды


УКМК жарыялаган сүрөт. Ош. Декабрь, 2025-жыл.
УКМК жарыялаган сүрөт. Ош. Декабрь, 2025-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн жана алардын каржылоо булактарын аныктоо, бөгөттөө аракеттерин улантып, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун туруктуу каржылоого катышкан деген шек менен С.К.К. аттуу ишкерди кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 17-декабрда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, "Ош аймагында өзүнүн таасирин күчөтүү максатында К. Асанбек менен К. Досоновду ай сайын белгилүү бир суммадагы акча которуу менен системалуу түрдө каржылап турган. Алардын колдоосу менен С.К.К. күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып кирүүнүн туруктуу схемасын түзгөн".

УКМК шектүү ишкер өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп-үркүтүү үчүн кылмыштуу топтун "кызматынан" пайдаланып келгенин билдирүүдө.

Кармалган ишкер УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

16-декабрь күнү Ошто ишкер, "Отор" ресторанынын жана ушундай эле аталыштагы күйүүчү май саткан бекеттин ээси кармалганы тууралуу маалымат тараган.

Кармалган ишкердин адвокаты же жакындары комментарий же маалымат бере элек.(ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG