Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

Жер мунапысын аяктоо чаралары тууралуу жарлыкка кол коюлду


Жер тилкесине ээлик кылууга укук берген кызыл китеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Жер тилкесине ээлик кылууга укук берген кызыл китеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка 16-декабрда кол койду.

Жарлык менен жер-укуктук мамилелерди жөнгө салууга бир жылдык мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл кирет. 2026-жылдын 1-мартына чейин азыркы жер мунапысы боюнча иштеп жаткан комиссиялардын иши токтотулат.

Мунапыска 2021-жылга чейинки негизделген конуштардагы үй тургузулган, тургузулуп жаткан жер тилкелери кирет. Мындай участок ээлери мунапыс алуу арызын келерки жылдын 1-июлуна чейин тапшырууга тийиш.

Ал эми талаштуу жер тилкелери боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлөт. Аталган комиссияга 2021-жылдын 1-декабрына чейин бош жаткан жерлердеги үй салынып калган участоктордун маселесин кароо тапшырылган. Бул жер тилкелери мамлекеттин карамагына алынат. Алардын ээлерине айыл чарба багытындагы жер тилкеси сунуш кылынышы мүмкүн. Же "Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын" фондунан үлүштүк катыш шартында батир алуу сунуш кылынат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2021-жылы 5-апрелде мурдараак мыйзамсыз ээленген жер тилкелерине мунапыс берүүчү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

Быйылкы июнь айындагы маалыматка ылайык, ошондон берки аралыкта жер мунапысы боюнча республикалык комиссияга Кыргызстандын бардык аймактарында 170 миңден ашуун арыз түшүп, анын 56% мыйзамдаштырылган. 25 миңден ашуун арыз түрдүү себептер менен артка кайтарылган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG