Акылбек Жапаров кызматтан күтүүсүз кетти
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти. Коомчулукта анын иштен кетиши күтүүсүз окуя катары бааланууда. Бул Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 17, 2025Парламент институту: Популизм, оппозиция жана саясий атаандаштык
-
Декабрь 17, 2025Австралия: Бонди Бичтеги калабанын курмандыктары жерге берилди
-
Декабрь 17, 2025Жогорку Кеңеш эркин жана ачык-айкын иштейби?
-
Декабрь 17, 2025Жогорку Кеңеш: Талкуу жараткан депутаттар
-
Декабрь 17, 2025"Кара кыргыз": Мамлекет түптөгөн беш инсан
-
Декабрь 16, 2025Украина боюнча сүйлөшүү: Донбасстын тагдыры бүдөмүк
Шерине