Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

"Альтернативасыз тандоо". Спикер жана анын орун басарлары кантип шайланды?


Жогорку Кеңеш: Жетекчилерди шайлоодогу сын
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Жогорку Кеңеш: Жетекчилерди шайлоодогу сын

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон жетекчилик кызматтарга “альтернативасыз” шайлоо талкуу жаратты. Бул маселе парламенттин өзүндө көтөрүлдү. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “жетекчилик кызматтарга алдын ала пландап коюп жатасыңар” деген сындарды четке какты.

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында комитеттердин төрага орун басарларын шайлоодо депутаттар арасында кайым айтышуу болду.

"Кечээ диктатура, бүгүн демократия"

Депутат Элвира Сурабалдиева төрага Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, аны жана орун басарларын шайлоо “альтернативасыз өткөнүн” белгиледи. Жаңы шайланган парламенттеги мындай абалга нааразылыгын билдирип, ишти туура багытта жүргүзүүгө чакырды:

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

“Бүгүн комитет төрагаларынын орун басарларына шайлоо коюптурсуздар. Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр. Депутаттардын ортосунда ызы-чуу чыгарбай, кечээги жолуңар менен альтернативасыз талапкерлерди белгилеп коюуңуздарды суранам. Сиз тигил жакта сүйлөшкөнчө бул жерде ызы-чуу болуп атат. Парламентте диктатура орнотом деген болсоңуздар, аягына чыгыңыздар”, - деди Сурабалдиева.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Сурабалдиева эч кайсы депутаттык топко кирбегени үчүн бул маселеде акыркы чечим менен тааныш болбой калганын белгилеп, ар бир комитетке үчтөн гана талапкер көрсөтүлөрүн тактады.

Нурланбек Тургунбек уулу
Нурланбек Тургунбек уулу

“Бул жерде түндүк-түштүк деген маселе болбошу керек. Бул маселени көтөргөндүн өзүнүн жоопкерчилиги бар. Мындай сөздөр парламенттин трибунасынан эми айтылбашы керек. Бул жерде эч кандай бөлүнүү жок. Анча мынча сөздөрдү бул микрофондон айтыштын кереги жок”, - деди төрага.

Депутат Жанарбек Акаев төрага жана анын орун басарларын шайлоодо эч кандай чектөө болбогонун, каалоосу барларга талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк болгонун тактады.

Чынында эле 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары ант берген соң дароо парламенттин жетекчилерин альтернативасыз шайлаган. Тагыраагы, спикерликке жападан-жалгыз Нурланбек Тургунбек уулунун гана талапкерлиги көрсөтүлүп, башка атаандаш чыккан эмес.

Дал ушундай эле көрүнүш вице-спикер жана комитет төрагаларын шайлоодо байкалып, жалгыздан талапкер болду.

"Коомдо көп түрдүүлүк болгондо өнүгөт"

Жаңы парламенттеги альтернативасыз шайлоолорго саясий чөйрөдө да көңүл бурулууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев "Азаттыктын" талкуусунда мындай көрүнүш парламенттин табиятына туура келбесин белгиледи:

Абдувахап Нурбаев
Абдувахап Нурбаев

"Бул биринчи күндөгү көрүнүш жакшы эмес. Бул жерде атаандаштык болсо жакшы болот эле. Коом качан өнүгөт? Коомдо көп түрдүүлүк болгондо өнүгөт. Пикир сунуштар айтылып, эки талапкер чыгып, "Жогорку Кеңештин ордун келечекте кандай көрөм?" деген талкуу болгондо жакшы болот эле. Азыр эми эч кандай жоопкерчилик да албайт. Альтернативалык жол менен, шайлоо менен келгенде эл алдында, депутаттар алдында сөз берип ошонун үстүндө иштемек да", - деди Нурбаев.

Кечээ күнү депутаттардын ант берүү салтанатына келген президент Садыр Жапаров мурдагы чакырылыштарда айрым депутаттар өкмөт менен соодалашууга барып, өз аймактарынын жол, мектеп өңдүү социалдык маселесин чечүүгө аракет кылып келгенин айтып, бул көрүнүштү токтотуу керектигин белгиледи. Ошондой эле депутаттарды кадр маселесине кийлигишпөөгө, комитеттердин, топтордун жыйындарына министрлердин келишин талап кылбоого чакырды.

Парламенттеги маанай саясат талдоочулар арасында, коомчулукта түрдүүчө талданууда.

Айрым саясат талдоочулар муну менен президент кыйыр түрдө эл өкүлдөрүнүн айрым иш-аракеттерин чектегендей болду деп чечмелөөдө.
Ал эми саясат таануучу Эмилбек Жороев конструктивдүү сын-пикирлер айтылып турбаса парламенттин ишмердүүлүгүнө шек жаралат деп эсептейт. Ал жаңы шайланган парламент алгачкы күнүнөн тарта чечкиндүүлүктү көрсөтүшү керектигин белгилейт:

Эмилбек Жороев
Эмилбек Жороев

“Ишине киришип жаткан депутаттар керек болсо эр жүрөктүк кылууга даяр болушу керек. Анткени ал жерде дайым эле ыңгайлуу жана жеңил маселелер чечиле бербейт. Айрым учурларда оор, талаштуу маселелер парламентке келип түшөт. Өлкөдө буга чейин деле парламент күчтүү институт болуп келген. Күчтүү дегенде бийликке же президенттин чечимдерине каршы туруу деген эмес. Ал деген негиздүү, аргументтери бар жүйөлүү сын-пикир айта билүү, таразага сала билүү. Президентти же өкмөттү колдойм деген депутаттар деле талаштуу, суроо жараткан демилгелер келгенде суроо берип, эл алдында талкууга салып турушу зарыл”.

  • Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы 17-декабрда ант берип, ишин баштады. Ишке киришкен парламентте азырынча 87 депутат бар.
  • Жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округ боюнча добуш берүү кайрадан өткөрүлмөй болгон.
  • Парламентте беш депутаттык топ түзүлдү. Алардын бири дагы өзүн оппозициялык топ катары атаган жок. Ал эми үч депутат Элвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Көкүлов — эч бир топко кошулбаганын билдирди.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG