Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Мьянмадагы кулчулук: Бай эркектерге "сүйүү катын" жазган мигранттар


Мьянмада кулчулукка кабылган адамдар Мьянманын Мьявадди шаарындагы KK Park комплексинин ичинде кармалып турушат. 26-февраль, 2025-жыл.
Мьянмада кулчулукка кабылган адамдар Мьянманын Мьявадди шаарындагы KK Park комплексинин ичинде кармалып турушат. 26-февраль, 2025-жыл.

мазмуну

  • Мьянмадагы көз жоосун алган табияттын арасына курулган комплекс онлайн алдамчылык жана адам сатуу боюнча ири борборлордун бири.
  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жыл башынан бери 12 жаранын кулчулуктан куткарганын билдирди.
  • Кулчулукка кабылгандар көбүнчө "кирешелүү ишке" деп азгырылып, алданып барган мигранттар.
  • Бул өлкөдө кылмыштуу топтор жаңы технологияларды колдонуп, кибер көз боёмочулукту жайылтып жатат.

Мьянманын ээн талааларынын ортосунда тикенек зымдар менен курчалган жана катуу кайтарылган комплекс бир караганда кадимки эле лагерди элестетет. Бирок бул жерде миңдеген киши кулчулукта кармалары тууралуу маалымат үрөй учурду. Жакында Кыргызстан өз жаранын бул өлкөдөгү кулчулуктан куткарып алды.

Тоолордун ортосунда жүгөрү талаалары менен курчалган, көп кабаттуу имараттардан жана байланыш мунараларынан турган, катуу кайтарылган бул ири комплекс Мьянманын Таиланд менен чектеш аймагында жайгашкан. Адам буту баспаган жапайы жаратылыштагы бул лагерди табуу оңой эмес.

Комплекс тикенек зым менен курчалган, ичинде дүкөндөр, ресторандар жана ооруканасы бар. Аны куралчандар күнү-түнү көз ирмебей кайтарып турушат.

Бирок дал ошол жерде дүйнөнүн чар тарабынан келген миңдеген киши кулчулукта кармалып турганын көптөр билбейт.

Көз жоосун алган табияттын кучагындагы бул лагер онлайн алдамчылык, акча адалдоо жана адам сатуу боюнча региондогу эң ири борборлордун бири.

Мына ушундай лагерде кулчулукка кабылган жаранын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-декабрда мекенине кайтарды. Аны эвакуациялоону Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана Таиланддагы консулдук ишке ашырды.

Ал эми жыл башынан бери Мьянмадагы кулчулуктан Кыргызстандын 12 жараны бошотулганын тышкы саясий мекеменин 16-декабрда тараткан билдирүүсүндө белгиленет.

Кыргызстандык аял башка борборазиялыктар менен бирге бошотулганы маалым болду. Ал кантип Түштүк-Чыгыш Азияга барып калганы белгисиз. Аны менен байланышууга арызынча мүмкүн эмес. Министрлик кулчулуктан куткарылган аял өзүнө келип, психологиялык жардам алып жатканын гана белгиледи.

Мьянмадагы кулчулукка кабылгандардын көбү адатта бир эле схема менен алданып барып калгандар.

Маселен, Телеграм каналдардан Таиландда "жакшы жумуш бар" деген сыяктуу жарнамалар жарыяланат. Иш Интернетке маалымат киргизүү cыяктуу жеңил эле экени, ал эми маянасы 2000 доллардын тегереги деген азгыруу башталат.

Кээ бирөөлөргө жол киресин төлөп, бекер билет да алып беришсе, башкалары тескерисинче жумуш таап бергендерге миң доллардан төлөгөн учурлар бар.

Андан ары Таиланддан аларды бирөө тосуп алат да белгисиз адамдардын колуна өткөрүп берет. Алар дарыяны өтүп, токойлорду кезип отуруп, иш издеп баргандарды дал ошол онлайн шылуундук менен алектенген комплекске жеткирет.

"Батыштагы бай эркектерди бутага алуу" операциясы

Ушул заманда социалдык тармактардагы чаттардан дээрлик ар бир киши эле белгисиз номерден "таанышуу катын" алса керек. Мына ошол катты Мьянмадагы кулчулук лагеринде ачка, азап чегип отурган бирөө жөнөткөн болушу толук мүмкүн. Албетте, анын социалдык тармактагы аккаунтунда келбети келишкен бирөөнүн сүрөтү турат. Мына ушундай "романтикалык алдамчылык" деп аталган схемалардун торуна оңой эле түшүп бергендер арбын. Мындай алдамчылыктын курмандыктарына келтирилген зыянды так аныктоо кыйын. Бирок АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (FBI) 2023-жылдагы Интернет кылмыштары боюнча баяндамасында Кошмо Штаттарда бирөөнүн ишенимине кирүү же "романтикалык алдамчылык" боюнча 17 миңден ашуун арыз түшкөнүн, ал эми жалпы чыгым 652 миллион долларга чыкканы белгилеген.

Кулчулуктан бошотулгандардын айрымдары айткандай аларды суткасына 22 саат иштетишип, айына бир гана күн эс алдырышкан. Аларга негизинен Батыш өлкөлөрүндөгү бай эркектерди бутага алуу тапшырмасы берилген. Бул үчүн уурдалган телефон номерлерин, социалдык тармактарды жана мессенжерлерди колдонуп, жалган романтикалык мамилелерди түзүшөт.

Алар адатта кимге болбосун түздөн-түз жазышат. Көп учурда жөн гана "салам" деп жазып коюшат. Көптөр андайга жооп бербей да коюшат. Бирок эмнегедир кызыгып кетип, дароо тузакка илингендери да чыгат. Мына ошондо азгырык башталат.

Маалыматка караганда көбүнчө жалгызсырап жүргөн адамдардын башы тез айланат. Ошентип Интернеттеги көз боёмочулар тузакка түшүргөн кишисин акыркы тыйынына чейин шыпырып алмайынча колунан чыгарбайт.

Лагерде отурганда мындай онлайн алдамчылык менен алектенүүдөн баш тарткандарды же коюлган планды аткара албай калгандарды сабашат, караңгы бөлмөгө камашат, узакка чөгөлөтүп коюшат же электр тогу менен урдурушат.

Болбосо башка "ишканаларга" 5-7 миң долларга чейин сатып жиберген учурлар да болот. Бул тууралуу 2023-жылы эле Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын куткарып жаткан маалда билдирген эле.

Интернеттеги шылуундардын борборлору Түштүк-Чыгыш Азиянын көп өлкөлөрүндө болсо дагы алар айрыкча Мьянмада кеңири жайылган. Бул борборлор кытайлык криминалдык синдикаттарга жана чек ара аймактарындагы ар кандай куралдуу топторго миллиарддаган доллар киреше алып келгени айтылат.

Мьянма: Кыргызстандык аял кулчулуктан куткарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:41 0:00

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, жүз миңдеген адам кулчулукка кабылып, мындай алдамчылык борборлорунда иштөөгө мажбур болгон.

Анын ичинде Мьянмада кеминде 120 миң адам, ал эми Камбоджада 100 миңге жакын киши дал ушундай борборлордо кулчулуктун торуна түшкөнү белгиленет.

Кызыл Ай уюмунун кыргыз кызматынын өкүлү Салтанат Абдыжапарова кыргыз мигранттары туш болгон окуяларга токтолуп, Түркиядан, Грециядан, Орусиядан жарандарды куткаруу аракеттерине катышканын айтып берди.

“Бизге миграцияда жүргөн "жакыныбыз менен байланыш үзүлүп калды" деп көп кайрылышт. Коңшу Казакстанда эле 40тай кишини издеп жатабыз. Ал арыздарга такыр жооп ала элекпиз. Бирок биз акыркы 5 жылда көп эле кишини кайтарып келдик. Мисал кылып айтсам, Турцияга жашы жетелек эле кыздарды, документин жасатып, тааныштар аркылуу кетирип жаткандар бар. Баргандан кийин "сени регистрация кылабыз" деп документин алып коюшат. Анан мажбурлоо менен ар кайсы жумуштарга салышат ” - дейт Абдыжапарова.

Киберкылмыштар жана криптовалюта

Аналитиктер белгилегендей, алдамчылык менен алектенген кылмыштуу чөйрө дагы кибералдамчылык операцияларын тездик менен жайылтып, жабырлануучуларга торун кенен жайып баратат.

Бул синдикаттар криптовалютаны тез өздөштүрүп, акчаны тез иштетүү жана көз боёмочулукту дагы жайылтуу үчүн алдыңкы технологиялык ойлоп табууларга инвестиция салып жатышат.

Кылмыштуу топтор жасалма интеллектти адамдарды кантип оңой алдаса болот деген сценарийлерди жазууда колдонуп, барган сайын реалдуу көрүнгөн дипфейк технологиясын пайдаланып, жасалма образдарды түзүп, сүйүп-күйүп калганын көрсөтүп, ал эми өздөрүнүн ким экенин, үнүн жана жынысын оңой эле жашырып коёт.

Адистердин айтымында, бул көйгөй менен күрөштө бир эле мамлекеттин же бир мекеменин чама-чаркы да жетпейт. Ошондуктан глобалдык алкакта атайын координацияланган иш-аракеттер зарыл экенин белгилешет.

Эл аралык уюмдар көпчүлүк учурда мигранттар жана негизинен аялдар кулчулукка кабыларын баса белгилешет. Миграция боюнча эл аралык уюмдун 2017-жылкы статистикасы боюнча 14 жыл аралыгында 1800 кыргызстандык адам сатуунун торуна түшкөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG